БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгери коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган борбордо системалуу түрдө акча чогултула турганы боюнча УКМК жетекчилигине кайрылуулар түшкөн.
"Улуттук онкология жана гематология борборунун 37 жаштагы С.М.П. аттуу дарыгери акысыз медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акча алып жүргөн. Ошондой эле акы төлөнүүчү кызмат үчүн алынган төлөмдөрдү реестерге каттабастан, бейтаптардан 2000 сомдон 20 миң сомго чейин алган. Пара алуу боюнча бир нече эпизод видеого түшүрүлүп, дарыгердин кабинетин тинтүүдө 119 миң сом жана 100 доллар табылган", — деп жазылган маалыматта.
Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилгени кошумчаланды.