БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Россия 2030-жылга чейин учкучсуз авиация системасында глобалдуу технологиялык лидерлердин катарына кошулушу керек. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Самарадагы илимий-өндүрүштүк борбордогу жолугушуу учурунда айтты.
Өлкө башчы министрлер кабинетине 30-апрелге чейин жарандык дрондордун учурулушуна уруксат берүү маселесин иштеп чыгууну тапшырган.
"Россияда жарандык учкучсуз аппараттарды учурууга тез арада шарт түзүлүшү керек. Россия учкучсуз авиация жаатында азыркыдан көбүрөөк борборлорду түзө алат", — деген Путин.
Жолугушууда жарандык дрондор Россияда 2024-жылы андан мурунку жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көп чыгарылганы айтылды.