Кыргызстанда Түркиядагы сезондук иштерге каттоо башталды. Талаптары

Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Кыргызстандын жарандарын Түркияда туризм тармагында иштөө үчүн каттоо башталганын жарыялады. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, мейманканаларда официант, ашпозчу, тазалык кызматкери болуп 18 жаштан 45 жашка чейинки жарандар иштеп келсе болот. Айлык акы 700-800 долларды түзөт. Жалпы 500 иш орун каралган.
Каалоочулар шилтеме аркылуу онлайн каттала алат.
Талапкерлер үчүн талаптар:
18ден 45 жашка чейинки Кыргызстандын жарандары;
2026-жылга чейинки жалпы жарандык паспорттун болушу.
Каттоо үчүн талаптар:
толук аты-жөнү (латынча жазуу);
сүрөт жана паспорт номери (PE же AC менен башталат);
ак фондо жүзүңүздүн жана тулку боюңуздун сүрөтүн жүктөө;
электрондук дарек;
байланыш номер;
кошумча суроолорго жооп берүү.
Баарлашуу 30-январь күнү саат 12:00дө Бишкек шаары, Байтик баатыр көчөсү, 34/1 дарегинде жайгашкан "Сити" мейманканасында өтөт. Катталган талапкерлер түрк иш берүүчүлөрүнүн өкүлдөрү тарабынан тандалат.
ТИМ жаңы жылдан баштап Россияда жүрүү эрежелери өзгөргөнүн эске салды