Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россиялык аскерлер түндө Украинанын 104 дронун атып түшүрдү

Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Россиянын абадан коргонуу каражаттары түндө Украина учурган 104 дронду атып түшүрдү. Бул тууралуу РФ Коргоо министрлиги кабарлады.
Учкучсуз апараттар тогуз региондо жок кылынган:
Курск облусу — 47 дрон;
Брянск — 27;
Смоленск — 11;
Тверь — 7;
Белгород — 4.
Нижегородский жана Ростов облустарында — үчтөн;
Ростов жана Ленинград облустарында — бирден.
Маалыматта Украина Куралдуу күчтөрү дээрлик күн сайын Россиянын чек арасындагы жана борбордук аймактарына дрон менен чабуул жасоого аракет кылып келери айтылган. Россиянын абадан коргонуу каражаттары аларды атып түшүрүүдө.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
“Жүз күнгө туруштук бере алабы?” Европанын Украина боюнча божомолу