БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун анын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кутнаеванын башка ишке өткөнү айтылды.
Азамат Жамангулов
© Фото / пресс-служба Минцифры
Өлкө башчынын дагы бир жарлыгы менен санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп Азамат Жамангулов дайындалган.
Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.