Адылбек Касымалиев Эл аралык жарандык авиация уюмунун директору менен жолукту

Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Кыргызстандын авиациялык системасы эл аралык стандарттарга ылайык келери тастыкталды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) аймактык директору Николас Ралло менен жолукту. Анда Касымалиев 2023-2024-жылдардагы аудиттин жыйынтыгында Кыргызстандын авиациялык системасы эл аралык стандарттарга ылайык келери боюнча тастыкталганын белгиледи.
"Биз авиация тармагын Кыргызстанды дүйнөлүк экономикага интеграциялоонун негизги куралы катары карайбыз жана амбициялуу долбоорлорду ишке ашырууга даярбыз. Мисалы, "Асман эйрлайнс" аркылуу эл аралык авиация рыногуна чыгууга умтулабыз", – деди минкаб төрагасы.
Ал эми Николас Ралло жакын арада Кыргызстандын Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги менен кызматташуу боюнча бир катар документтерге кол коеру пландалып жатканын кошумчалады.
Эл аралык каттамдар үчүн эки учак алынат. Президент Караколдогу аэропортту ачты