Трамп жашы жете электердин жынысын өзгөртүүгө акча бөлүүнү токтотту

Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп жашы жете электердин жынысын өзгөртүү боюнча медициналык процедураларга федералдык каржылоону токтотуу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Бул кооптуу тенденция өлкөбүздүн тарыхында кара так болуп калат. Аны токтотуу зарыл", — деп айтылат Ак үй тараткан билдирүүдө.
Жарлыкка ылайык, 19 жашка чыга элек адамдарга жынысын өзгөртүү боюнча операциялар же гормоналдык терапиялар үчүн мамлекеттик каражатты колдонууга тыюу салынат. Трамп Саламаттык сактоо министрлигине балдардагы гендердик дисфорияны дарылоо боюнча сунуштарды карап чыгып, 90 күндүн ичинде жаңы отчет берүүнү тапшырды.
Мындан тышкары, федералдык каржылоо алган медициналык мекемелер мындай кызматтарды токтотууга милдеттендирилди.
Трамп чет өлкөлөргө жардамын токтотту. USAID каржылаган уюмдар эмне болот?