Тарыхта 1944-жылдын 27-январы Ленинград шаарынын толук бошотлуган күнү катары белгиленип келет. 3 жылга жакын созулган курчоодо миллиондой шаардык көз жумган. Ушуга карабай ленинграддыктар ачарчылык менен эле күрөшүп тим болбостон, аскерлерге жардам берип, талкалангандан калган завод-фабрикаларда иштеп турушкан. Күнүнө 150 грамдан нан алган өспүрүмдөр, чоңдордун катарында оор станоктордо эмгектенишкен. Өжөр калаа тургундары эч нерсеге карабай адамзатынын эң ыйык милдеттеринин бири болгон тукум калтыруу вазыйпасын да аткарышкан. 100 миңден ашуун ымыркай төрөлүп, аны ачарчылык менен күрөшкөн энелер кезектешип эмизишкен. Гитлердин жерди алуу эмес, элин кыруу максаты тууралуу тарыхчы Саламат Малабаев бүгүнкү “Кеменгерде” айтып берди.