"Бир күндүк фирма”, жалган дарек, каттоодогу көйгөйлөр - юридикалык жактарды каттоого эмнеге өзгөрүүлөр кирди?

Sputnik
Үстүбүздөгу жылдын февраль айынан тартып Юстиция министрлиги юридикалык жактарды каттоону өзгөртүп жатат. Бул нерсе жалган даректерди пайдалануу жана "бир күндүк фирмалардын" пайда болуусун алдын алуу сындуу максаттарды көздөйт. Ошону менен катар юридикалык жактарды каттоодогу айрым көйгөйлөрдү жоюга багытталган.
Кирип жаткан өзгөрүүлөр тууралуу “Спутниктен сүйлөйбүз” программасынын алкагында Юстиция министрлигинин Юридикалык жактарды каттоо бөлүмүнүн жетекчиси Жаркынай Бейшенбекова айтып берди.