Жаңы макам алган Ботаникалык бак – кандай өзгөрүүлөр күтүлүүдө?

Sputnik
Улуттук илимдер академиясына караштуу Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бакка “өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы” макамы берилди. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын талаптарын сакталышын көзөмөлдөө милдети Улуттук илимдер академиясына тапшырылды.
Бүгүнкү “Күн башат” программасынын алкагында жаңы берилген макамдын мааниси жана жалпы Ботаникалык бактын ишмердүүлүгү тууралуу кеп кылдык. Биздин сурообузга Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бактын башкы илимий кызматкери, биология илимдеринин доктору Медет Ахматов жооп берди.