Coca-Cola уулуу зат аныкталган суусундуктарын Европадан кайтарып жатат

Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Coca-Cola корпорациясы Европада суусундуктарын массалык түрдө кайра кайтарып алууда. Бул тууралуу РИА Новсти жазды.
Маалыматка ылайык, буга суусундуктун идишинен уулуу хлорат заты табылганы себеп болгон.
"Компаниянын Европадагы бөлүмү ден соолукка зыян келтире турган деңгээлде хлораттар табылгандан кийин Coca-Cola, Sprite жана башка суусундуктарын массалык түрдө кайтарып алуу буйругун берди", — деп айтылат маалыматта.
Хлораттын деңгээли жогору болгон калай жана айнек банкаларга куюлган суусундук 2024-жылдын ноябрынан тарта Бельгия, Нидерланддар, Улуу Британия, Германия, Франция жана Люксембургга тарап кеткени айтылды. Компания бул өлкөлөрдүн бийлиги менен байланышта экенин билдирген. Анткен менен азырынча зыяндуу продукциянын канчасы сатылганы белгисиз.
Хлорат метгемоглобинемияны шарттап, эритроциттердин бузулушуна алып келет. Ал адамды өлүмгө кептеши мүмкүн, бул үчүн 1 килограмм салмакка уулуу заттын 10 граммы жетиштүү болуп саналат.
Кытайдан Кыргызстанга келген оюнчуктардан зыяндуу заттар табылды