БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы чет өлкөлөргө жардам көрсөтүүгө тыюу салгандан кийин жакынкы чет мамлекеттерде USAID (АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги) каржылаган уюмдар ишин уланта алабы? Суроого Россиянын Улуттук изилдөө институтунун жетекчисинин орун басары Валентина Комлева Sputnik Ближнее зарубежье каналына жооп берди.
Эскерте кетсек, президенттикке киришери менен Трамп бир нече жарлыкка кол койгон. Анын арасында чет мамлекеттерге колдоо көрсөтүү иштерин токтотуу буйругу да бар. Бул жардамдын негизги бөлүгүн АКШдан алып турган Украинага да тиешелүү экени кабарланган болчу.
Комлеванын айтымында, АКШ постсоветтик өлкөлөрдөгү стратегиялык максаттарынан баш тартпайт.
"Американын каржылоосун ушу тапта ЕБ да, Кытай да, Түркия да, араб мамлекеттери да алмаштыра албайт. Менимче, жакынкы чет өлкөлөр бир канча убакыттан кийин америкалыктар менен эпке келип алышат", — деген ал.
Комлева USAID бейөкмөт уюмдарды эле каржылап келбегенин кошумчалады. Анын айтымында, америкалык акчага өлкөлөрдүн саясий элитасы да кызыкдар, мындан улам АКШнын колдоосун кайтаруу боюнча иштер жанданышы толук ыктымал.
"АКШ каржылоого жаңы администрациянын кызыкчылыгына туура келген башка талап жана башка шарттар менен кайтышы мүмкүн", — деди Комлева.