БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Чек ара талашында бир тараптын гана кызыкчылыгын эске алуу мүмкүн эмес. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, кыргыз-тажик чек ара маселеси дээрлик бүтүп, эки тараптуу кагаз иштери жүрүп жатат. Тиешелүү мамлекеттик процедуралардан кийин дагы бир-эки жыл демаркация иштери жүрөрү белгиленди.
"Кайсы тараптын пайдасына чечилди деген сурооңузга жообум мындай: эки өлкөнүн ортосунда чек ара маселеси чечилип жаткан жерде бир тараптуу кызыкчылык өтпөйт. Сөзсүз түрдө эки тараптын тең кызыкчылыгы камтылганда гана маселе чечилет", — деди өлкө башчы.
Ошондой эле ал эки өлкөнүн чек арасы миң чакырымга жакын экенин эске салып, анын талаш-тартыш жерлери теңме-тең чечилгенин айткан.
"Чектеш айылдарыбызда шахматтын доскасы сыяктуу жайгашып калган үйлөр бар. Аларды да түздөп сыздык. Антпесек чек ара кайтарууда эки тарапка тең абдан ыңгайсыздык жаратат. Эгер биз тарапка өтүп калган Тажикстандын үйлөрү болсо, тажик тарап аларды көчүрүп кетет, эгер биздин тажик тарапка өтүп калган үйлөрүбүз болсо, биз көчүрүп кетебиз. Башка жерге үй салып беребиз. Жер аянттарынын көлөмүн да эске алдык", — деди өлкө башчы.
Президент маселе ар бир метрдин эсепке алынуусу менен чечилгени кошумчаланды.