БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кыргыз-Россия Славян университети жана "Альянс Алтын" 2026-жылга чейин кызматташуу боюнча жол картасына кол койду. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматынан кабарлашты.
Документте окутуу жана квалификацияны жогорулатуу каралган.
10дон ашык курстар иштелип чыккан, анын ичинде төмөнкүлөр бар:
кен иштетүү өнөр жайындагы коопсуздук жана инновациялар;
долбоорлорду башкаруу;
лидерлик жана командада иштөө көндүмдөрү;
техникалык диагностика жана метрология;
табигый системаларды рекультивациялоо.
Курстар "Альянс Алтын" компаниясынын жетекчилери жана инженердик-техникалык кызматкерлери үчүн даярдалат. Жыл сайын компаниянын 100гө жакын кызматкери КРСУнун базасында билим ала алышат.
Стажировка жана практикалык окутуу
КРСУнун студенттери Жер-Үй кенинде стажировкадан өтөт. Бул алардын өндүрүш шартында практика өтүүсүнө мүмкүнчүлүк берет.
Окутууларга бир нече миллион сом сарпталмакчы. Окутуунун 15тен ашык методикасын киргизүү жана изилдөөлөрдү жүргүзүү пландалууда.
Документ КРСУ ректорунун милдетин аткаруучу Сергей Волков жана "Альянс Алтын" компаниясынын башкы директору Сабир Рахматов тарабынан бекитилди.