Кантта 16 жаштагы бала каза таап, “Русский дом” жакындарына көңүл айтты

Ооруканада жаткан бейтап. Иллюстративдик сүрөт
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кантта 16 жаштагы Дмитрий Чернявский каза болуп, сөөгү жерге берилди.
Буга чейин милиция 22-январь күнү эки мектеп окуучусу мушташканын кабарлаган. Натыйжада алардын бири реанимацияга түшүп, кийин каза болгон.
Бишкектеги “Русский дом” маркумдун ата-энесине, туугандарына, досторуна көңүл айтты.
“Дмитрий Кыргызстандагы “Жеңиш” ыктыярдуу командасынын жана “Русский домдун” мыкты активисттеринин бири болгон. Ал былтыр “Чоң өзгөрүү” сынагын жеңип, Артекке барган”, — деп айтылат маалыматта.
Уюм компетенттүү органдар окуянын бардык жагдайларын тыкыр иликтеп, күнөөлүүлөр болсо адилеттүү жазага тартылат деп ишенет.
Автоунаада бара жаткан киши. Архив
Бишкек: чет элдик 15 жаштагы кызды сүзүп, өспүрүм ооруканада каза болду. Видео