БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Америкалык миллиардер Илон Маск эгер адамзат төрөттүн азайышын токтото албаса, планетанын бир топ жеринен адамдар жоголуп кетиши мүмкүн экенин X социалдык түйүнүнө жазганын РИА Новости кабарлады.
Ал швед журналисти Петер Эмануэльсендин төрөт санын көбөйтүү үчүн Европадагы аялдарга салыктык жеңилдиктерди киргизүү сунушуна комментарий жазган.
"Аракет кылып көрсө болот. Бир нерсе өзгөрүшү керек. Болбосо Европа жана Азия (планетанын чоң бөлүгү) жоголот" — деп жазды Маск.
Былтыр апрелде Маск акыркы 30 жылда америкалыктардын арасында төрөттүн азайышын "абсолюттук трагедия" катары баалаган. Ошондой эле декабрда Европадагы төрөттүн төмөндүгүнөн улам ал жак жоголуу коркунучунда турганын айткан.