Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинада Трамп ФБРге дайындачу кадры менен Зеленскийге сокку урары айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. ФБР жетекчилигине Кэш Пателди дайындоо менен АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленскийге чоң сокку урат. Бул тууралуу Украинанын экс-президенти Леонид Кучманын мурунку кеңешчиси Олег Соскин YouTube каналынан билдиргенин РИА Новости жазды.
"Эгер бул фигураны (Патель — ред.) алып чыга турган болушса, анда Зеленский боюнча чечим кабыл алынып бүткөн. Тазалоо башталат", — деген кеңешчи.
Трамп Пателди ФБР жетекчилигине дайындай турганын бюронун мурунку директору Кристофер Рэйдин отставкасынан кийин айткан.
Кэш Патель Украинага жардам көрсөтүүнү анча жактыра бербеген позициясы менен белгилүү. Көптөн бери киев режимин финансылык текшерүүгө алуу долбоорун даярдап келет. Конгресстен жөнөтүлгөн акчанын жумшалышын иликтөөгө алууну өтүнөрүн айткан.
Буга чейин айтылган маалыматтар боюнча, Украинага көрсөтүлгөн жардамдын 54 пайызы же 103,8 миллиард доллары АКШга туура келет. Вашингтон Киевге курал-жарак (68,9 млрд. доллар) жана гуманитардык жардам (3,7 млрд. доллар) жөнөтүү боюнча да тизменин башында турат. Ошону менен бирге АКШ украин бюджетинин негизги донору (31,2 млрд. доллар) болуп саналат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Европа АКШ ЕБ менен Киевди сүйлөшүүлөрдөн четтетип коет деп кооптонууда