Минкаб төрагасынын биринчи орун басары менен Россиянын элчиси жолугушту

Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Тараптар кызматташуунун кеңири чөйрөсүн, ошондой эле эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашырууну талкуулаганы айтылды.
1 / 3

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жолугушту

2 / 3

Тараптар кызматташуунун кеңири чөйрөсүн, ошондой эле эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашырууну талкуулаганы айтылды

3 / 3

Ошондой эле Амангелдиев менен Вакунов билим берүү тармагындагы кызматташуу маселелерин жана КРСУнун кампусун курууну кеп кылганы кошумчаланды

"Жазга белгиленген Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына даярдык көрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар ошондой эле 2025-жылга карата пландарды талкуулашты жана андан пайда болгон маселелерди тез арада чечүү үчүн бардык деңгээлдеги байланыштарды активдештирүү боюнча макулдашышты", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Амангелдиев менен Вакунов билим берүү тармагындагы кызматташуу маселелерин жана КРСУнун кампусун курууну кеп кылганы кошумчаланды.
КРСУда кенчилер үчүн атайын курстар ачылып, студенттер Жер-Үйдөн тажрыйба алат