БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. "Дельфин" олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Бассейнде дубалдар жаңыртылып, жер төлөдөгү түтүктөр алмаштырылды, жаңы электр зымдары орнотулуп, жарыктандыруу жана шып толугу менен жаңыланды.
"Айрыкча полдорго өзгөчө көңүл бурулду. Ар бир жерге ылайыктуу паркет, линолеум жана керамикалык плиталар төшөлдү. Эми "Дельфин" спортко кызыккан бардык жаштар үчүн эшигин ачууга даяр. Жарык жана жаңыланган залдар жаш спортчуларды жана сергек жашоого кадам таштоону каалагандарды күтөт", — деп жазылган маалыматта.