БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Айсулуу Тыныбекова 2024-жылы кыз-келиндердин арасында Азиядагы эң мыкты балбан деп табылды. Мындай чечимди Азиянын спорттук күрөш федерациясы (UWW Asia) кабыл алды.
Тыныбекова былтыр Азия чемпионатын, үч рейтингдик турнирди утуп, Парижде өткөн Олимпиадада коло медалды багындырган.
Айсулуу Тыныбекова үч жолку дүйнө, алты жолку Азиянын чемпиону. Мындан тышкары, Олимпиаданын күмүш жана коло медалдарынын ээси.