БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Жо Байден Россиянын лидери Владимир Путинди өлтүрүүгө аракет кылган. Бул тууралуу америкалык журналист Такер Карлсон билдиргенин РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, ал журналист Мэт Таибби менен маек курган.
"Тони Блинкен (АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы) Путинди өлтүрүү үчүн согушту аябай колдогон. Байдендин администрациясы эмне кылды? Алар Путинди өлтүрүүгө аракет кылышты", — деди Карлсон.
Анткен менен ал айткандарына кандайдыр бир далил келтирип, кол салууга даярдык тууралуу башка жагдайларды тактаган жок.
Журналист бул нерсени акылга сыйгыс деп эсептээрин айтып, Байдендин командасы үчүн башаламандык "коргоочу калкан" болгондуктан ушундай аракеттерге барганын билдирген.