Быйыл шаар мэрлеринин, акимдердин квалификациясын жогорулатууга басым жасалат. Өткөн жылы да мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер бир катар чет элдик уюмдар менен тажрыйба арттырууга багытталган кыска жана узак мөөнөттүү окутуулардан өтүштү. Бул тууралуу Максатбек Саргазаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, шаарларды өнүктүрүүгө жумшалган каражат натыйжасын бере баштады.
"АТР боюнча кабыл алынган мыйзам 2-августтан тарта күчүнө кирип, иштеп жатат. 2024-жылы административдик-аймактык реформа боюнча чоң иштер жүрдү. Буга чейин көп жылдар бою саясий эрк жетпей, эми максатына жетти деп айтууга болот. Быйыл шаар мэрлеринин, акимдердин квалификациясын жогорулатууга басым жасалат. Өткөн жылы да мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер бир катар чет элдик уюмдар менен тажрыйба арттырууга багытталган кыска жана узак мөөнөттүү окутуулардан өтүштү. Мындан тышкары, Өзгөн жана Ысык-Ата райондорундагы мамлекеттик органдар акимге баш иймей болушту. Өзгөчө пилоттук долбоор жакшы жыйынтык көрсөтсө, бул тажрыйбаны кийин колдонобуз", — деди Саргазаков.
Ошондой эле ал буга чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге азыркыдай мамиле болбогонун кошумчалады.