Кыргыз эл акыны, драматург, котормочу Бактыгүл Чотурованын ырлары элибиздин жүрөгүнөн түнөк тапкан. Чотурова Шекспир баштаган дүйнөлүк дөө-шаалардын бир катар чыгармаларын да которуп кыргызча сүйлөткөн. Муну менен катар драматург катары да таанымал. “Туяк” программасында меймандарыбыз Тынара Абдыразаева менен акындын кызы Кыял Аккүчүкова каарманыбызды акын, аял, эне катары да кенен ачып беришти. Учурда Чотурова чыгармачылыктын үстүндө иштеп, бир катар чыгармаларды жаратып жаткан учуру.