Балага ат коюу - бала төрөлгөндөн кийин аткарыла турган жооптуу иштердин бири. Наристеге ат коюуда жаңылбоо керек. Анткени аталган ысым менен баланын тагдыры байланыштуу болот. Балдарга ысымды аксакал киши же өз атасы койгон. Мурда союш союлуп, үйгө коноктор чакырылган. Коноктор тамак жеп бүткөндөн кийин, атайын калтырылган жото жиликти жана баланы төрдө отурган аксакалга алып келишет. Аксакал жиликтин этин туурап, отургандарга ооз тийгизет жана балага ат койгон. Кыргыздар балдардын атын жакшы тилек менен байланыштырууга аракет кылышкан. Азыр ата-энелер балдарына кандай аттарды коюуда? Соңку жылдары балага кайсы ысым көп ыйгарылууда?
Адамдын аты затына таасир этеби “Көз мончок” берүүсүнөн тыңданыздар.