«Кыргызшаарлифт» ишканасы эки жылдан бери жылына 100 лифттен алмаштырылып жатат. Аталган ишканана кадр маселеси курч көйгөй жаратууда. Анткени көп техникалык кызматкерлер айлык-маянанын аздыгынан миграция кетип жатканын Назгүл Пратова айтты. “Кыргызшаарлифт” ишканасынын лифттерди тейлөө иши, жоопкерчилик, лифттердин абалы, көйгөйү тууралуу бир катар суроолорду берип, бир катар суроолорго жооп алдык. Мейманыбыздын айтымында, чынында лифттерге иштөө мөөнөтү катары 25 жыл көрсөтүлсө, учурда 50 жылдан бери иштеп жаткан лифттер бар.