БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бишкекте жерлердин амнистиясы жыл соңуна чейин аягына чыгат. Бул тууралуу шаар мэриясынын коллегиясында вице-мэр Азамат Кадыров билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мыйзамдаштыруу иштери Бишкекте эле эмес, өлкө боюнча да аягына чыгышы керектигин белгиледи.
Эске салсак, 2022-жылдын март айында Жогорку Кеңеш "Жер мамилелерин жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамын кабыл алган. Ага ылайык, жалпы 29 872 гектар жер трансформацияланат. Министрлер кабинети "Жер амнистиясынын тартиби жөнүндө" жобону бекиткен.
2024-жылы жер амнистиясынын алкагында өлкө боюнча 140 миңден ашуун арыз түшкөнү, алардын 50 пайызы канааттандырылганы маалым болгон.