УКМК: кримтөбөлдөргө таянып кыздарды зордуктоого шектелген киши кармалды

Кримтөбөлдөргө таянып кыздарды зордуктоого шектелген киши кармалды
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кримтөбөлдөргө таянып кыздарды зордуктоого шектелген киши кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, К.Н. аттуу киши 2013-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү менен жакшы мамиледе болуп, аларды системалуу түрдө каржылап турган.
"К.Н. уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлеринин колдоосу менен жарандарга ар кандай басым жасап, тагыраагы, опуза жана коркутуу жолдору менен кыздарды зордуктаган", — деп билдирди УКМК.
Шектүү кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени кошумчаланды.
Кишен . Архивдик сүрөт
Кайрымдуулукка деп элди алдап акча чогултуп жүргөн 20 жаштагы кыз кармалды