ШКУда террордук кылмышы үчүн издөөгө алынган адамдардын реестри түзүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмунда (ШКУ) террордук аракеттери үчүн издөөгө алынган адамдардын реестри түзүлдү. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Нурлан Ермекбаев маек куруп жатып билдирди. https://t.me/sputniklive/92230
Анын айтымында, мындан тышкары, ШКУ өлкөлөрүнүн аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган террордук жана экстремисттик топтордун жалпы тизмеси бар.
"Террорчулук, экстремизм жана сепаратизмге каршы Регионалдык антитеррордук структура деп аталган туруктуу орган түзүлдү. Анын Ташкент шаарында жайгашкан аткаруу комитети бар. Структура уюмга мүчө мамлекеттердин укук коргоо жана атайын органдарынын өкүлдөрүн камтыйт", — деди Ермекбаев.
Баш катчы уюм алкагында антеррордук машыгуулар өтүп келерин, маалымат алмашуу да активдүү жүрүп жатканын белгиледи.
ШКУну НАТО менен салыштырып болбойт. Ермекбаев уюмдун негизги багыттарын атады