УКМК: Соцфонддо коррупциялык схеманын бети ачылып, аудитор кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Социалдык фонддо коррупциялык схема аныкталып, шектүү катары аудитор кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, аталган фонддун кызмат адамдары бюджеттен өзгөчө ири өлчөмдөгү бир жолку акчалай компенсацияны чыгарып алууну көздөшкөн. Бул үчүн "Чернобыль союзунун ардагерлери жана майыптары" коомдук бирикмесинин пенсионерлеринин жасалма архивдик маалым каттарын пайдалануу менен системалуу түрдө коррупциялык схема уюштурушканы айтылды.
"Топтолгон далилдердин негизинде Социалдык фонддун аудит башкармалыгынын башкы аудитору Б.Б.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.
Учурда коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүүдө.
УКМК "Кыргызиндустриянын" экс-жетекчиси Жарасул Абдураимовду кармады