Ермекбаев: ШКУ өлкөлөрү ортосунда виза режимин жеңилдетүү талкууланууда

Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. ШКУ өлкөлөрү ортосунда виза режимин жеңилдетүү — уюмдун күн тартибиндеги маселе, ал эми бирикме мейкиндигинде визасыз сапарлар боюнча сөз кылууга азырынча эрте. Бул тууралуу ШКУнун баш катчысы Нурлан Ермекбаев РИА Новости агенттигине маек куруп жатып билдирди.
"ШКУ өлкөлөрү ортосунда виза режимин жеңилдетүү уюмдун күн тартибинде турат, бул биринчи кезекте туристтик администрациялар, ички иштер министрликтери, миграциялык кызматтар. Жалпы уюмдун алкагында визасыз режим боюнча маселе азырынча быша элек, бирок виза режимин либерализациялоо туристтик администрациялар боюнча иш-чаралардын планындагы башкы максаттардын бири болуп саналат", — деди Ермекбаев.
Ал мындай маселелер эки тараптуу негизде да чечилерин, ШКУдагы бир катар мамлекеттер визасыз сапарлар боюнча макулдашууларды түзгөнүн кошумчалады.
Шанхай кызматташтык уюму — 2001-жылы Кытай, Россия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан президенттери тарабынан түптөлгөн эл аралык уюм. Бүгүнкү күндө курамында 10 мамлекет бар. Жогоруда аталгандардан тышкары ар кыл мезгилде уюмга Индия, Пакистан, Беларусь жана Иран кошулган.
ШКУда террордук кылмышы үчүн издөөгө алынган адамдардын реестри түзүлдү