БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттер өз ара эсептешүүдө улуттук валютанын үлүшүн көбөйтүү боюнча жол картасын кабыл алышты. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Нурлан Ермекбаев РИА Новости агенттигине маек куруп жатып айтты.
"Азыр иш эксперттердин деңгээлинде жүрүп жатат. Алар төлөм инфраструктурасын камсыздоо, укуктук базага тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелерин талкуулашууда. Эми тийиштүү механизмдер жана институттар тартылат", — деди баш катчы.
Ермекбаевдин айтымында, ШКУ мамлекеттеринде инвестициялык жана өнөр жай кооперациясындагы долбоорлорду ишке ашыруучу кошумча механизмдер талкууланып жатат.
Шанхай кызматташтык уюму — 2001-жылы Кытай, Россия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан президенттери тарабынан түптөлгөн эл аралык уюм. Бүгүнкү күндө курамында 10 мамлекет бар. Жогоруда аталгандардан тышкары уюмга ар кыл мезгилде Индия, Пакистан, Беларусь жана Иран кошулган.