Ошто Ленинграддын блокададан толук бошотулушунун 81 жылдыгы белгиленди

Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Ош шаарындагы "Өчпөс от" мемориалдык комплексинде Ленинграддын фашисттик блокададан толук бошотулушунун 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү. Бул тууралуу "Русский дом" борборунун Оштогу өкүлчүлүгү кабарлады.
Иш-чарага Россиянын Башкы консулдугунун, “Руский домдун”, мэриянын, Кыргызстан элинин достугу ассамблеясынын өкүлдөрү, Түштүк-батыш ыкчам командачылыгынын аскер кызматкерлери, Афганстан ардагерлеринин кеңеши катышты.
1 / 5

Ош шаарында Ленинграддын фашисттик блокададан толук бошотулушунун 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү

2 / 5

Ош шаарында Ленинграддын фашисттик блокададан толук бошотулушунун 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү

3 / 5

Ош шаарында Ленинграддын фашисттик блокададан толук бошотулушунун 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү

4 / 5

Ош шаарында Ленинграддын фашисттик блокададан толук бошотулушунун 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү

5 / 5

Ош шаарында Ленинграддын фашисттик блокададан толук бошотулушунун 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү

Иш-чаранын алкагында “Блокадалык нан” акциясы өттү. Катышуучулар 1942-жылдагы рецепт боюнча бышырылган 125 граммдык бир кесим нанды кармап көрүштү. Бул курчоодо калган Ленинграддын жашоочуларынын күнүмдүк тамактануу нормасы болгон.
Акцияга калаа тургундары жана коноктору да катышып, курчоодо курман болгондорго жана Ленинграддын коргоочуларына таазим этип, гүл коюшту.
Ленинград блокадасын жарып өтүүнүн 82 жылдыгы. Бишкекте митинг-реквием өттү