БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Батыш Жеңиштин 80 жылдыгын белгилөө үчүн Москвага келе турган өлкө башчыларынын сапарын үзгүлтүккө учуратууга аракет кылып жатат. Бул тууралуу Россиянын Чалгын кызматынын директору Сергей Нарышкин РИА Новости агенттигине маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындай кадамдар азыр бир катар батыш мамлекеттеринин атайын кызматтары менен тышкы саясат боюнча ведомстволорунун башкы максаты болуп турат.
"Мунун баары алардын Россияны толук изоляциялоо планы менен байланыштуу. Бирок бул ойду ишке ашырууга жол берилбейт", — деген Нарышкин.
Чалгын кызматынын директору Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхын бурмалап, фашисттик Германияны талкалоодо жана Европаны нацизмден бошотууда СССРдин салымын жокко чыгаруу аракеттери күчөп, өзгөчө бул Польша, Германия жана АКШда катуу байкалып жатканын белгилеген.
Нарышкин мындай кадамдар да майнапсыз экенин кошумчалады.