872 күндүк апаат. Ленинграддын блокададан толук бошотулганына 81 жыл болду

1941-жылдын 8-сентябрында башталган блокада 1944-жылдын 27-январында аяктап, шаар жана анын тургундары 872 күн курчоодо жашашкан.
Sputnik
2022-жылы октябрда Санкт-Петербург соту блокаданы аскердик кылмыш жана совет элине каршы геноцид деп тааныган.
Сот блокаданы Германиянын оккупациялык аскер бөлүктөрү ишке ашырып, аларга Бельгия, Италия, Испания, Нидерланддар, Норвегия, Финляндиянын аскер күчтөрү, ошондой эле австриялык, латвиялык, польшалык, франциялык жана чехиялык ыктыярчылар жардам берген деген чечимге келди.
Отурумда жүрөк үшүн алган сандар айтылды:
1 миллиондон ашуун адам каза болгон — бул мурунку статистикалык маалыматтардагы көрсөткүчкө караганда 1,5 жарым эсе көп;
Ленинградга жана анын элине келтирилген зыяндын суммасы азыркы курс менен 35,3 триллион рублге бааланган.
Тема боюнча:
Гитлер Ленинградды алууну эмес, элин кырууну буюрган. Блокада боюнча жаңы маалыматтар