Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов, мэриянын, Ленинград блокадасынын кыргыз коомунун өкүлдөрү, Кыргызстан менен Россиянын аскер кызматкерлери катышты.
Алар курман болгондорду эскеришкен. Андан кийин блокададагы Ленинграддын символу болгон метроном жаңырып, үч ирет мылтыктан ок атылды.
Коргоо министрлигинин башчысы Невадагы шаардын эрдиги туруктуулуктун жана мекенге берилгендиктин жаркын мисалы экенин белгиледи.
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда блокадада калган Ленинграддан миңдеген балдар Кыргызстанга эвакуацияланган. Учурда өлкөдө 12 гана блокадачы бар.
Белгилей кетсек, эскерүү иш-чарасын Марат Кутанов жетектеген Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому уюштурду.
Тема боюнча: