БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Садыр Жапаров телефон аркылуу Александр Лукашенкону Беларустун президенти болуп кайрадан шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекеттин лидери куттуктоо сөзүндө беларус элинин лидерине көрсөткөн ишениминин жана колдоосунун жогорку деңгээлин белгилеген. Ошондой эле Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы көп жылдык достук жана өнөктөштүк мындан ары да эки элдин жыргалчылыгы үчүн бекемделерине ишеним арта турганын айткан.
Өз кезегинде Лукашенко Жапаровго куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
“Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка маселелер талкууланды”, — деп айтылат маалыматта.
Беларуста президенттик шайлоо 26-январда өттү. Өлкө БШКсынын маалыматы боюнча, бул — бюллетендердин 100 пайызы саналып бүткөндөн кийинки жыйынтык.
Шайлоого катышкан Сергей Сыранков добуштардын 3,21 пайызын, Олег Гайдукеевич 2,02 пайыз, Анна Канопацкая 1,86 пайыз, Александр Хижняк 1,74 пайызына ээ болгон. Баарына каршы 3,60 пайыз добуш берилген.
Акыркы жыйынтык жараксыз бюллетендер саналганда чыга турганы белгиленди.