28-январга карата аба ырайы

28-январда республика боюнча жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Шейшембиде күндүз өлкөнүн айрым жерлерин ала булут каптайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 0…5, Талас чөлкөмүндө 2…7, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 6…11, Ысык-Көл жеринде 0…5 градус жылуу болсо, Нарын облусунда -1…-6 градус суук болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 3…5, Ош шаарында 7…9 градусту көрсөтөт.
Январдын соңку жумасына карата аба ырайынын божомолу