Жылкынын жаңы “кыргыз породасын” жаратууну көздөгөн фермерлер

Sputnik
Кыргызстанда жылкы өзгөчө орунда турат. Жылкы кароо, ат багуу өнөрү илгертеден атадан балага өтүп, баркталып, даңкталып келген. “Стимул” программасынын бул жолку коногу дал ушул таза кандуу жылкыларды баккан “Мурас АС” фермасынын жетекчиси Айбек Сатиев. Ал таза кандуу жылкы кармоонун сырлары, аламанга кандай ат кирерин, алыс жолго кандай ат чуркарын айтып берди.