“Кыргызтест” мамлекеттик ишканасы тилди билүү деңгээлин аныктоочу тесттердин талаптарын өзгөртүп, категорияларын жогорулатууну сунуштоодо. Бул кандай этаптар менен, канча убакытта ишке ашат, биз алдыдагы эфирде кеп курдук. Мындан сырткары Кыргызтест Россия Федерациясына эмгектенүү максатында жөнөп жаткан кыргызстандыктарды жана алардын балдарын орус тилин билүүсү боюнча тесттен өткөрүп, сертификаттар менен жөнөтүү боюнча аракеттерди баштаганын кабарлайт.
Бул багыттын кантип шике ашары тууралуу бизге мекеменин жетекчиси Батма Топоева-Ставинская айтып берди.