Улуттук банк элдин акчасын шылуундардан коргоо үчүн долбоор иштеп чыкты

Соцтармакта эсебинен акчасын уурдаттым деген жарандар кайрылууларды жасап келет.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Улуттук банк алдамчылар менен күрөшүү чаралары каралган мыйзам долбоорун иштеп чыкты.
Ага ылайык, банктарды алдамчылыкка каршы системаларды (антифрод-система) ишке киргизүүгө милдеттендирүү сунушталууда. Бул акчаны жоготуу коркунучун азайтат. Ошондой эле Улуттук банк шылуундардын курмандыгы болгон кардарлардын эсептерин тезинен бөгөттөп салууну көздөйт.
Антифрод системасы — бардык транзакцияларды талдап, шектүү операцияларды бөгөттөө менен алдамчылык аракеттерге мониторинг жүргүзгөн жана алдын алган программа.
Белгилей кетсек, эсебиндеги акчасын шылуундарга алдаткан жарандар көбөйүүдө. ИИМ дагы жарандарга сак болууну байма-бай эскертип келет.
Таласта Мбанктан 171,5 миң сомун уурдаткан жарандын акчасы кайтарылды