Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Фицо Украинанын тынчтык келишимге кол коюусун Батыш токтоткон деп сындады

Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Украинада тынчтыкты орнотуу келишимине кол коюу 2022-жылы жаңжал башталгандан көп өтпөй батыштык саясатчылардын кысымы менен токтотулган. Бул тууралуу Словакия премьер-министри Роберт Фицо билдиргенин РИА Новости жазды.

"Апрель айында эле (2022-жылдын – ред.) столдо Украина тарап дагы, Россия дагы кол коюуга даяр болгон тынчтык келишими бар болчу. Батыштын саясатчылары менен дипломаттары ошондо Украина ага кол койбосун, анткени бул согуш орустарды тизелетүүгө мыкты мүмкүнчүлүк экенин айтышкан. Ошентсе да орустарды эч ким тизелете алган жок. Батыштын басымына баш ийип, өзүн курал кылып бергени үчүн Украина тизелеп калды", — деген Фицо "Субботние диалоги" берүүсүндө.

Словакиянын премьер-министри жаңжал Украинаны коркунучтуу абалга түртүп, дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан жардамга муктаж болушуна алып келди деген пикирде.
Фицо буга чейин Британиянын мурдагы премьер-министри Борис Жонсон Украинада жаңжал башталгандан көп өтпөй өлкө жетекчилигинин Россия менен тынчтык келишимине кол койбошуна таасир эткенин айткан. Словакия өкмөт башчысы мындай келишим Украинага Европа менен кызматташууну, аскердик нейтралдуулукту кепилдегенин билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТО өлкөлөрү үч жылда Украина үчүн 190 млрд. долларга чыгым болушту