Январдын соңку жумасына карата аба ырайынын божомолу

Бишкекте жааган кар. Архивдик сүрөт
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет январь айынын соңку аптасына күтүлүп жаткан аба ырайынын божомолу менен бөлүштү.
Ага ылайык, борбор калаа Бишкекте абанын температурасы күндүз +6га чейин көтөрүлүп, күн ачык болот. 30-31-январда айрым жерлерге кар жаашы мүмкүн.

Чүй, Талас

Синоптиктер алдыдагы апта ичи жалпысынан күн ачык болорун, 30-31-январь күндөрү айрым жерлерге кар жаашы мүмкүн экенин айтууда.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен

Республиканын түштүк бөлүгүндө апта жаан-чачынсыз башталат. Кыргызгидромет 28-29-январда тоолуу аймактарда, андан кийинки күндөрү айрым жерлерде кар жаай турганын билдирди. 26-январда түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл, Нарын

Бул аймактарда дагы 30-31-январда кар жаайт. Калган убакта күн ачык болору күтүлүүдө.
Турникте тартынып жаткан адам. Архив
Кыштын соңку айы февралга карата аба ырайынын божомолу