Кыргызстанда такси чакыргандар көбөйдү. Статистика

Миллиондогон киши такси кызматын колдонгон.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Кыргызстанда такси чакыргандар көбөйгөнүн Улуттук статистика комитети билдирди.
Мекеменин маалыматында өткөн жылы буйрутма менен болгон сапарлардын саны 10 пайызга өскөн. Мындайча айтканда, Кыргызстанда былтыр 43,4 миллион жолу такси чакыртылган.
Ошондой эле Улуттук банктын соңку маалыматына караганда, такси үчүн орточо төлөм 197 сомду түзөт. Бирок кеп накталай эмес, электрондук түрдө берилген каражат тууралуу болууда.
Элдин турак жай менен камсыз болушу кандай. Статистика