27-январга карата аба ырайы

27-январда республика боюнча жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз өлкөнүн айрым жерлеринде ала булут каптайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 3…8, Талас чөлкөмүндө 4…9, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 6…11, Ысык-Көл жеринде -2…+3 градус жылуу болсо, Нарын облусунда -3…-8 градус суук болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 5…7, Ош шаарында 8…10 градусту көрсөтөт.
Январдын соңку жумасына карата аба ырайынын божомолу