Жалал-Абад шаарына берилген Түрк мамлекеттер уюмунун туристтик борбору макамын толук кандуу колдонуп калуу керек. Бул тууралуу Азамат Жаманкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, облус аймагында көптөгөн казыла элек тарыхый объектилер бар.
"Жалал-Абад — тарыхка бай шаар. Улуу Жибек Жолунун боюнда жайгашып, кербендер токтогон жайлардын бири болгон. Жанында эле Өзгөн, нары жагында Ош жайгашкан. Ошол жерлер жалпы чоң кербен шаар болгон. Кокон хандыгынын доорунда дагы өзгөчө жерлердин бири катары эсептелген. Ал жерде казыла элек тарыхый объектилер, байыркы шаарлар жатат. Жалал-Абад көп этностуу, алардын ар бири өз салымын кошкон. Өзгөчө тамак-ашы, өзгөчө маданияты, айрым жерлерден айырмаланган каада-салты бар калаа. Келечегин карап көрсөк, көптөгөн ири долбоорлорго старт берилди. Кыргызстан — Өзбекстан — Кытай жолу дагы ушул жерден өтөт. Ошондуктан туризм жаатындагы ири мааниси артчу шаарлардын бири десек болот", — деди Жаманкулов.
Ошондой эле ал дүйнө элин кызыктырган Арстанбап жаңгак токоюна да токтолду.