БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргызстандын эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Россияда өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.
Иван Ярыгиндин элесине арналган эл аралык мелдеш 23-26-январь күндөрү Красноярск шаарында болот.
Эркин күрөш боюнча курама команданын тизмеси:
Адис Рахатбек уулу — 70 кг;
Адилет Акылбеков, Жакшылык Байташов —74 кг;
Стамбул Жаныбек уулу — 86 кг.
Машыктыруучу катары Улан Надырбек уулу барат.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын тизмеси:
Аделя Сатыбалидева, Эльмира Карабалаева —53 кг;
Азиза Келдибекова — 55 кг;
Сезим Жуманазарова — 57 кг;
Таңчолпон Кыбалбекова — 59 кг;
Баян Мотукеева — 62 кг;
Асель Жапарова — 65 кг;
Элина Бакытова, Гулнура Таштанбекова — 68 кг;
Айжаркын Жаныбекова — 76 кг.
Аларды улук машыктыруучу Нурдин Донбаев жана башкы машыктыруучу Нурбек Избеков жетектейт.