БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын мурдагы президенти, Москва мамлекеттик университетинин профессору Аскар Акаевге Россиянын илимине эмгек сиңирген ишмер наамын ыйгарды. Тиешелүү жарлык ченемдик-укуктук актылардын расмий сайтына жарыяланганын РИА Новости жазды.
Россия Федерациясынын илимине эмгек сиңирген ишмер ардак наамы техника илимдеринин доктору, профессор, М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Математикалык татаал системаларды изилдөө институтунун башкы илимий кызматкери Аскар Акаевге ыйгарылсын", — деп жазылган жарлыкта.