Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

НАТО өлкөлөрү үч жылда Украина үчүн 190 млрд. долларга чыгым болушту

Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Акыркы үч жыл аралыгында НАТО мамлекеттери Украинаны 191,2 миллиард долларга каржылады, акчанын теңинен көбү АКШга туура келет. Бул тууралуу Украинанын Финансы министрлигинин көрсөткүчтөрүнө жана ачык маалыматтарга таянуу менен РИА Новости жазды.
Болжол менен жардамдын 54 пайызын же 103,8 миллиард долларын Вашингтон бөлгөн. Киевге курал-жарак (68,9 млрд. доллар) менен гуманитардык жардам (3,7 млрд.) жөнөткөндөрдүн башында АКШ турат. Америка украин бюджетинин негизги донору (31,2 млрд.) да болуп саналат.
"НАТО курамына кирген 32 мамлекет бөлгөн жалпы сумманын 43,3 миллиард доллары бюджеттик социалдык чыгымга жумшалса, 13,4 миллиарды гуманитардык жардам болуп эсептелет. Ал эми курал-жарак 133,4 миллиард долларды түзгөн", — деп айтылат маалыматта.
АКШдан кийин эле тизмеде 17 миллиард доллар (8,9%) бөлгөн Германия турат, андан кийинки сапты 14,8 миллиард (7,7%) менен Улуу Британия ээлеген. Калган өлкөлөрдүн салымы жалпы сумманын беш пайызына да жетпейт.
Украина НАТОго кирсе, Россия менен тынчтык мамиле болбостугун айтышты