БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Коррупцияга шектелип "Кыргызиндустриянын" мурдагы жетекчиси Жарасул Абдураимов жана ишкананын вице-президенти кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аталган ачык акционердик коомго 2022-2024-жылдар аралыгында бюджеттен 2,3 миллиард сом бөлүнгөн. Комитет "Кыргызиндустриянын" айрым кызматкерлери туунду компаниялар аркылуу бюджеттик каражатты ыйгарып алуу жана коротуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы түзүшкөнүн кабарлады. Ошондой эле 2022-жылдан 2024-жылга чейин "Кыргызиндустрияда" 40тан ашык чыгаша алып келген ишканалар түзүлүп, каржыланганы белгилүү болду. Аларга бөлүнгөн финансылык салымдар кайтарылгыс болуп калган.
"Ишкана жетекчилиги мыйзамсыз баюу, жакын туугандарына ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жеке кызыкчылыгын көздөгөн деп айтууга болот. Компаниянын түзүмүндө жетекчилик кызматтар негизсиз көп болгон (75 кызматкердин ичинен 33ү жетекчи). Аларга эмгек акы да жогору төлөнүп, бул кызматтарга туугандары, достору жана жакын санаалаштары дайындалган", — деп жазылат маалыматта.
Жетекчилик жана жакындары бир эле учурда"Кыргызиндустрияда" жана туунду компанияларда иштеп, эки жактан тең айлык алып турганы маалым болду.
Бул мамлекетти ири зыянга учураткан, учурда зыяндын так өлчөмү аныкталууда. УКМК азыр ишкананын мурдагы президенти жана вице-президенти кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин кошумчалады.