БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Көк-Жардагы газ жарылган үйдө жабыркаган 62 жаштагы аял көз жумду. Маалыматты Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Алмазбек Кубатбеков тастыктады.
Анын айтымында, аялдын денесинин 60-70 пайызы күйүп, ооруканага оор абалда түшкөн. Бейтап дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, эртеси каза болгон.
Кырсыктан аялдын 38 жаштагы кызы дагы жабыркаган. Кубатбеков анын бети, колу күйгөнүн, учурда ооруканада дарыланып жатканын кошумчалады. Абалы туруктуу.
Эске салсак, кырсык 19-январда болгон. Анда Сейтек көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатындагы батирде газ жарылып, кызы менен энеси жабыркаган.